Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү 14-сессиясынын 2026-жылдын Июнь айынын “01.06.2026” №14/2 Токтому

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  14-сессиясынын

ТОКТОМУ

 

1-июнь. 2026-ж.  №14/2                                                                                   Мантыш айылы

  

Дөң-Алыш айылындагы эстеликти оңдоп, түздөө иштерине акча каражат бөлүү жөнүндө 

Дөң-Алыш айылындагы эстеликти оңдоп, түздөө иштерине акча каражат бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын Дөң-Алыш айылынын айыл башчысы Б. Раманкуловдун кайрылуусун  угуп жана   талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат: 

  1. Дөң-Алыш айылындагы эстеликти оңдоп, түздөө иштерине 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси М.Мурзабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                       А.Молдогазиев

Жооп калтыруу