Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү 14-сессиясынын 2026-жылдын Июнь айынын “01.06.2026” №14/1 Токтому

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын

ТОКТОМУ

 

1-июнь. 2026-ж.  №14/1                                                                                   Мантыш айылы

Кара-Мойнок айылынын таза суусуна кошумча, булактан суу тартып келүүгө изилдөө иштерине акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 Кара-Мойнок айылынын таза суусуна кошумча, булактан суу тартып келүүгө изилдөө иштерине акча каражат бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы К.Жумакуновдун кайрылуусун  угуп жана   талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Мойнок айылынын таза суусу, айыл тургундарын толук камсыз кылуу үчүн кошумча, булактан суу тартып келүүгө изилдөө иштерине 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси М.Мурзабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                       А.Молдогазиев

Жооп калтыруу