Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын
ТОКТОМУ
2-апрель. 2026-ж. №13/3 Мантыш айылы
«Маркумду узатуу жана сөөгүн коюуу иши» мыйзамын аткаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жыл 10-декабрдагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюуу иши жөнүндө» №795 токтомунун негизинде, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюуу иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кара-Суу айыл аймагында сөөктү жайга коюуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби иштелип чыгып, бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага А. Молдогазиев

