Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү 13-сессиясынын 2026-жылдын Апрель айынын “02.04.2026” №13/6 Токтому

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын

ТОКТОМУ

2-апрель. 2026-ж.  №13/6                                                                                              Мантыш айылы

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2026-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал  үчүн,  бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2026-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал  үчүн,  бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана   талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат:

       1.1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

        -Кой, козу. 1 башка, 80 сомдон.

        -Эчки, улак. 1 башка, 80 сомдон.

        -Уй, торпок. 1 башка, 600 сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын

          макулдашуусу).

        -Жылкы, тай. 1 башка, 600  сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).

        1.2. Жайлоого Кара-Суу айыл аймагынан башка, сырттан мал алынбасын.

        2.1. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2026-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.

       2.2. Жар-Таш жана Үч-Эмчек жайытындагы төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2026-жылдын 25-май күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.

  1. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2026-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Жайлоодон көчүп келүү 2026-жылдын 1-октябрына белгиленсин.
  1. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                       А.Молдогазиев

 

Жооп калтыруу