Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын
ТОКТОМУ
2-апрель. 2026-ж. №13/9 Мантыш айылы
Кара-Суу айыл аймагындагы «Үч-Эмчек» жайлоосунда кичи корук (микро заповедник) уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жыл 7-октябрдагы №554 “Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жайлардын тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Суу айыл аймагындагы «Үч-Эмчек» жайлоосундагы №_______контрундагы, ________га жайыт жери кичи корук (микро заповедник) болуп уюштурулсун.
- Кичи коруктун юридикалык иш кагаздарын бүтүрүп, ишке ашыруу жагы айыл өкмөттүн “Келечек Кара-Суу” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
Төрага А. Молдогазиев

