Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын
ТОКТОМУ
2-апрель. 2026-ж. №13/7 Мантыш айылы
Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугат суусунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугат суусунун тарифин бекитип берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Арык-каналдарды өз учурунда оңдоп, түздөө иштерин жүргүзүү жана мураптардын эмгек акысын көтөрүү максатында, Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугат суусу бир сезонго 1 га жерге 400 (төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
- Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага А.Молдогазиев

