Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын
ТОКТОМУ
2-апрель. 2026-ж. №13/4 Мантыш айылы
Кара-Суу айыл аймагында көрүстөндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жыл 19-августундагы №502 токтомунун негизинде, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жыл 19-августундагы №502 токтомуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагында «Көрүстөндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө» жобосу бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы, жобонун негизинде иш алып баруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А .Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага А. Молдогазиев

