Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү 13-сессиясынын 2026-жылдын Апрель айынын “02.04.2026” №13/1 Токтому

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13 -сессиясынын

ТОКТОМУ

 

2-апрель. 2026-ж.  №13/1                                                                                               Мантыш айылы

Жеке ветеринардык сервис тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын тарифин бекитип берүү жөнүндө

 

Жеке ветеринардык сервистер тарабынан кызмат көрсөтүүдө тарифтер боюнча Кара-Суу айыл  өкмөтүнүн ветеринардык адиси Т.Бактыгуловдун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши   токтом кылат:

 

  1. Кара-Суу айыл  өкмөтүнүн ветеринардык адиси Т.Бактыгулов жана   Кара-Суу айыл  аймагынын жеке ветеринардык сервистери иштеп чыккан тарифтер бекитилсин.

2. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын жекеветеринардык сервистерине милдеттендирилсин. Жалпы көзөмөл кылуу жагы  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                       А. Молдогазиев

Жооп калтыруу