Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7 -сессиясынын
ТОКТОМУ
9-июль. 2025-ж. №7/5 Мантыш айылы
Комсомол айылына маданият үй, спорт аянтчасы жана сейил бак курууга
жер бөлүп берүү жөнүндө
Комсомол айылынын айыл башчысы А.Туларбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Комсомол айылынын жашоочулары маданий иш чара өткөрүүдө заманбап шарт түзүү максатында, маданият үй курууга С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин аймагынан 0,50 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Комсомол айылынын жашоочулары спорттук иш чара өткөрүүдө заманбап шарт түзүү максатында, спорт аянтчасын курууга С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин аймагынан 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Комсомол айылынын жашоочулары эс алуу учуруна шарт түзүү максатында, сейил бак курууга айылга чектеш жерден 1 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн
башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага А. Молдогазиев

